үй-барак

«Корукчу-Жаран» жаратылышты коргоо программасы:

Озгочо корголуучу жаратылыш аймактарында мыйзамсыз анчылыкты токтотууга жардам бер дагы сыйлык ал!

Корукчулар (егерь) жана озгочо корголуучу жаратылыш аймагынын кошуна жашоочулары: Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоого жардам бериниздер!

Мыйзамсыз анчылык жана браконьерчилик сейрек жана аз кездешкен илбирстерге, тоо кийиктерине (аркар-кулжа, жапайы эчки-теке) коркунуч туудуруп жатат. Сиздер менен бирге биз аларды коргоп, жоголуп кетуудон сактай алабыз!

Эгерде сиз озгочо корголуучу жаратылыш аймагынан (корук же жаратылыш паркы) мыйзамсыз анчыларды кармап же каттап же алардын мыйзамсыз куралын же атып алган жаныбарын конфискациялоого жардам берсениз ал эмгегиниз учун сиз Илбирсти Коргоо Фондунан (SLF) 15 000 сомго чейин акчалай сыйлык ала аласыз.

Бул сыйлыктан тышкары, мыйзамсыз анчыны кармаган адамга, толонгон доо акынын (иск) 30% олчомундо мамлекет тарабынан акчалай сыйлык толоп беруу жагы каралган.

Эгерде сиз мыйзамсыз анчыларды озгочо корголуучу аймакта же чек арасында жолуктуруп же мыйзамсыз анчылык жонундо угуп калсаныз сиз ал жонундо кобуроок далилдерди чогултушунуз керек жана озгочо корголуучу аймактын корукчуларына же администрациясына дароо кабарлашыныз керек.

Мумкунчулугунуз болсо Илбирсти Коргоо Фондуна (SLF) 0703 265605, жана токой экосистемалары жана озгочо корголуучу жаратылыш аймактары департаментине 0312 547452 номерине телефон чалып батыраак кабар бериниз.

Байланыш

Байланыш

Сыйлык программасы тууралуу  кобуроок маалымат алуу учун же катталган учурлар тууралуу маалымат учун “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” коомдук фондусуна 0 703 26 56 05 телефону аркылуу же токой экосистемаларын онуктуруу жана озгочо коргоолуучу жаратылыш аймактары департаментине 0312 547452 номерине байланышка чыксаныз болот.